www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоого жана тынчтык келишимдерин түзүүгө «жумшак күч» менен элдик дипломатия жардам бере алат. Бул тууралуу Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы, РФтин эмгек сиңирген экономисти Андрей Бельянинов билдирди.
Ал «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн диалогу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү жолдору» деп аталган Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан — Бишкек видеокөпүрөсүнүн алкагында сүйлөдү.
«Эл тынчтыкта жашагысы келет. Мен Кыргызстанда да, Тажикстанда да болгом. Жолдун бир тарабында кыргыздар, экинчи тарабында тажиктер жашайт. Бул жол чек ара болуп калганына эч ким күнөөлүү эмес. Менимче, чек араны тактап мыйзамдаштырууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө «жумшак күч» менен элдик дипломатия жакшы жардам бермек», — деди Бельянинов.
Ал мындай кырдаалда "сүйлөшүүгө отуруп, саясатчылар кимиси эмнени туура эмес жасаганын талкуулашы керектигин" белгиледи.
Эскерте кетсек, өткөн жумада, 9-июлда, Евразия элдеринин башкы ассамблеясынын жыйыны өтүп, анда төрт жылда жасалган иштер талкууланды.
Евразия элдеринин ассамблеясы — бул евразиялык интеграцияга ыктап, тынчтыкты сактоо, достукту, ынтымакты бекемдөө боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдар менен жарандардын эл аралык союзу.
Булак: NazarNews.kg