www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коркунучтар баары болуп келет. 2021-жылы коронавирус деген коркунуч ааламды титиреткен, 2022-жылы кандай коркунучтар күтүлүүдө? Владимир Путин менен АКШ жана Европанын тиреши, Германияга жаңы канцлердин келиши шартты өзгөртөт. «Eurasia Group» консалтинг мекемеси дүйнө жүзү жакында дуушар боло турган он коркунучтун рейтингин түздү.

Тизменин сап башында «бөлүнгөн Америка» турат. Бул АКШ калкынын жарымына жакыны ар бир жаңы президентти легитимсиз деп эсептей турган абал. Эксперттердин айтымында, мындай кырдаал АКШда Джо Байдендин бийликке келиши менен өнүктү. Бул дүйнө жүзүндөгү геосаясий кырдаалга таасир тийгизип, бул чөйрөдөгү рецессияга алып келет.

Экинчи сапта COVID-19 пандемиясы турат. Вакцинациянын фонунда коомдун бай жана кедей болуп бөлүнүшү дагы күчөйт. Бул көптөгөн өлкөлөрдө жарандык толкундоолорго алып келет. Мындан тышкары, пандемия жумуш орундарын кыскартуу, өкмөткө болгон ишенимди жоготуу, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү карыз кризистерине алып келет.

Мекеме үчүнчү маанилүү коркунуч - климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү деп эсептейт. Бул эл аралык атаандаштыкка алып келет.

Андан тышкары, «Eurasia Group» 2022-жылы күткөн коркунучтар:

- Германияга Гитлер сыяктуу канцлер кызматка келип, Европада үчүнчү дүйнөлүк согушка шарт түзүлөт;

- АКШ менен Орусия ортосундагы мамиленин чыңалуусу;

- маалыматтарды эл аралык форматта өткөрүп берүүдөгү кыйынчылыктар;

- санарип мейкиндигинде глобалдык жаңжал чыгуу ыктымалдыгы;

- түрк экономикасынын саясий кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон маселелер;

- Жакынкы Чыгыштагы мунайзат баасынын төмөндүгүнө байланыштуу экономиканын рецессия;

- Пандемияга жана кээ бир өлкөлөрдөгү шайлоолорго байланыштуу Латын Америкасындагы саясий жана социалдык кризис.

Эске салсак, буга чейин ДССУ уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус Улуу Британия, Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү табылганын билдирип, вирустун бардык өзгөрүүлөрүн жана алардын кесепеттерин жакшыраак түшүнүү үчүн дүйнөлүк илимпоздор менен тыгыз кызматташып жатканын айткан.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости