www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы «Жамаат Ансарулла» тажик согушчан тобунун мүчөлөрү Кыргызстандын аймагына басып кирүүгө жашыл коридор берүү өтүнүчү менен Тажикстандын өкмөтүнө кайрылышты. Бул тууралуу Вечерний Бишкек басылмасы жазды.

Кайрылуунун видеосу социалдык тармактарда жарыяланды.

«Биз Тажикстан Республикасынын өкмөтүнө каршы ар кандай риторикадан баш тартабыз жана Тажикстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө ар кандай алгылыктуу шарттарда кошулууга де-факто даярбыз. Биздин курал-жарактарыбыз 12000 АК, 1234 ЗУ, 2450 ПК, 2170 РПГ, 300 даана БМ-1 өзү жүрүүчү ракеталык түзүлүш», 7 даана «Град» (БМ-21), 7 даана Д-30 гаубицасы, 23 даана АТГМ, 32 даана «Стингер» жана 6 миллиондон ашык ок-дарылар жалпы элибиздин менчиги болуп эсептелинет жана ошого жараша, толук жана сөзсүз Тажикстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө берилет.

Ошол эле учурда биз Тажикстан Республикасынын Бодканд аймагына (Баткен) басып кирүүдө Исфарага чыгуу үчүн «жашыл» коридор берүүнү демилгелегенбиз. Ошондой эле Бодкандда мыйзамсыз жайгашкан ички иштер бөлүмдөрүн, КГБны, Коргоо министрлигинин жана Чек ара кызматынын объектилерин чагылгандай тез басып алуу планы каралган», — деп айтылат террордук уюмдун билдирүүсүндө.

Экстремисттик уюмдун мүчөлөрү чындап эле ушундай кайрылуу жасаганбы же жокпу азырынча белгисиз. Эмнеге дегенде Тажикстандын маалымат каражаттары бул тууралуу жаза элек. Ошол эле учурда, кыргыз-тажик жаңжалында чындап эле чек арадагы тажик согушчандарынын арасында Ооганстандан келген жалданма жоокерлер болгонун белгилей кетүү керек. Муну тажик интернет колдонуучулары тараткан көптөгөн видеолор далилдеп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости