www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель коогалаңында 87 ден ашуун баланын өлүмү менен бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнөн Атамбаев менен Текебаевди балдардын арбагы соо койгон жок. Атамбаевдин бүгүнкү күндөгү абалы манжа жеткис байлыктары чет өлкөгө чыгарылган акчалары жана чет өлкөдөн белекке алган байлыктарын эсепке албаганда бул адамды ушул даражага жеткирип, баарын көрүп-билип турсада дагы унчукпай  Атамбаев сактап келишти.

Жыйынтыгында Атамбаев камалды. Негизинен эми Сооронбай дагы бир эрдик кылып УӨ мүчөлөрүн четинен темир тордун артынан тыгыш керек.

Эмнеге?

Анткени 2010-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевди кан менен кетирип, элдик бийлик орнотту деген Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү элге бакубат жашоо туртуулабай эле, Атамбаевге  сансыз байлык тартуулашыптыр. 

Эми УӨ айрым “анткорлоруна” токтоло кетели...

1.Текебаеви баш болуп Баш мыйзамды өзгөртүмүш этип, колдорунан өлкөнү өнүктүрүүгө коко тыйын келбеди. Жыйынтыгында бири-бирине душман болуп, бири-бирин-бири көргө сүйрөп, бири-бирин темир торго тыкты. 

2.Чет өлкөнүн айтканынан чыкпаган Роза Отунбаева, кара башын сактаганга аракет кылып, ишенген Атамбаеви калдайган калктын алдына аянттан кууп чыкты. Учурда көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн “түштөн кийинки” эксперт.

3.Эки революциянын атаманы болгон Азимбек Бекназаров болсо аз убакыт Башкы прокурор болгону менен ал дагы, же өзүнө же элге жарытылуу ийгилик алып келген жок.

4.Темир Сариев болсо, ак шумкардан көк шумкарга айланып КСДПга кире качып, Өкмөт башчы боло калып, Балыкчы-Корумду жолунан темир торго түшөрүнө аз эле калды, учурда сууга сүзүү менен алек.

5.Эмилбек Каптагаев болсо Кумтөрдүн камчысын чаап, 2010-жылдан кийин жакшы эле доор сүрүп, “Султан Сулеймандын” паашасы болуп, гаремди бир топко башкарды. Акырында Атамбаев Ысык-Көл областына “матыракчы” кылып жиберип Каптагаевден араң кутулган. Аягында "куйту" Атамбаев учурда камакта жаткан “Садыр Жапаровду барымтага алды деген шылтоо менен” экөөнү жетелештирип узатып койду. Учурда Эмил мырза, Facebook социалдык тармагында “аппарат жетекчи” кызматын аркалоодо. 

6.Топчубек Тургуналиев керек-кере дем алып сүйлөп, өлкөгө коммунизимди курууну көздөп келген. Бирок бул кишини арага ит дагы кошкон жок. Атамбаев, Тургуналиевдин тоодон түшүп келгенин эске алып, УӨттө орун калбай калып, Топчукени "токойчу" кылды.    

7.Болот Шерниязов 7-апрелдеги Баатырларды бири. 2010-жылы кырдаал курч болгон учурда Жалал-Абад шаарына бара коёмун деп, таяк жеп, телефонун тарттырып жиберген. Телефонду тартып алганда, “Бакиевдердин баарын кармап өлтүрүш керек” деген СМСти окуган топ, Шерниязовду “эл бузар” деп, Жалал-Абад шаарынан кууп чыгышкан. Кийин апрель окуясынын керемети менен ЖК депутат болуп, “Бабанов менен атышым, эркек болсо келсин, менин огум бар”, деп айкырып чыккан. Ошол боюнча дайыны жок.

Калган 7 Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү айтпаса дагы түшүнүктүү, бар менен жоктун ортосунда, өлбөй аман жүрсө болду. Ансыз деле барар жери – түрмө!

А баса, каргыш деген бар окшойт, Убактылуу Өкмөттүн Ата-Бейитте элге берген анттары уруп, алды эмес Ханы дагы зынданга түшүп, калгандары катары менен тизмеде турат.

Кыргызда, оор казсаң кең каз, өзүң түшүп калба", дегендей Курманбек Бакиевдин касташ саясый жакындарынын кайда экенин эске салсак. Алмазбек Атамбаев, менен Өмүрбек Текебаев камакта. Асылбек Текебаев менен Кадыржан Батыров каза болду, Райкан Төлөгөновдун саясатта изи дагы көрүнбөйт. Абдулла Юсупов камакта. 

Такталбаган айрым маалыматтарга таянсак, КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Убактылуу Өкмөттүн “бок курсак”, эйфорияга берилген мүчөлөрүн кезек-кезеги менен түрмөгө тыгат деген шыбырт уктук. Буга далил катары банктагы уурдалган акчалар, Түштүктөгү коогалаң, талап-тоноочулук, жалган тергөөлөр жана жер-суунун сатылышы буларга далил болуп бере алат.

Эми кайтар дүйнө деген кепке келели. 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 6 жыл Курманбек Бакиевге күнү-түнү асылып, “Кудай бар” деп каргап келген. Тилекке каршы Кудай бар экен, өзү түзгөн “Кой-Таш Эл Республикасында” чуу жаралып, аны кармоо операциясында УКМКнын офицери каза таап, 10дон ашуун баласы барымтага алынып, 100дөн ашуун жаран жаракат алса, учурда Чүй ШИИБнин башчысы Самат Курманкулов оор абалда Москвада дарыланууда.

Айрым маалыматтарга таянсак мурдагы президент, учурда камакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин планы боюнча тарапташтарынын бири октон көз жумса, бийлик алуу максаты болгон эле дешүүдө. Бактыга жараша Атамбаевдин тарапташтары аман-соо калса, тилекке каршы аталган окуя өлүм менен коштолду. Ошентип, Атамбаев барчылыктын баркын билбей, байлыгына чиренип, эркиндигине ээлик кыла албай өзүн-өзү 8-августта түрмөгө тыкты. 

Эми жубайы Раиса Атамбаев, “үйүбүз жок калды, үйдү алып койсо кайда барабыз. Бизге аябагандай куугунтук кылып жатат” деп, саясый актрисалыкка өттү. 

Улуу урматтуу Раиса Атамбаевага 2010-жылы саясый куугунтук кандай болгонун, өмүрлүк жары Атамбаев, Бакиевдердин “тырмактай” балдарына кандай куугунтук кылганын “кыскача” эскертип коёлу. 

2010-жыл... 

Борборубуз Бишкекте 7-апрелде бийлик алмашып, 87ден ашуун адамдын каны төгүлгөн. Бул окуя боюнча “ок артынан атылган” деген ар кандай жоромолдор айтылганы менен азырынча ачыкка чыга элек. (Окшоштугу жанан окшош эместиги... Кой-Ташта 100дөн ашуун адам жарадар болду, окшош эместиги УКМКнын “ноёндой” жигити бири каза таап, бири оор абалда)

Курманбек Бакиев Тейиттеги атасынын катардагы үйүнө элдик штаб түзүп элдин коргоосуна алынган. Раиса айым, окшоштугу Атамбаевдин Кой-Таштагы заңгыраган 2 гектарда жайгашкан Хансарайына элдик штаб ачылды. 

Курманбек Бакиев Түндүк-Түштүк коогалаңы чыгып кетпесин деп, Белорусиянын президенти А.Лукашенконун колдоосу менен өлкөдөн чыгып кеткен. Окшоштугу, Алмаз Атамбаев өмүрүнүн акыркы жолунда өз аброю менен Россияга барып “досу” менен жолугуп келди.

Андан көп өтпөй Ош окуясы болуп, миңден ашуун жарандар оор жаракат алса, 400дөн ашуун жаран мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Жыйынтыгында ага күнөөлүү деп, Курманбек Бакиевдин маркум агасы Жусуп Бакиевдин кичүү уулу садага чабылып, камакка алынып, Бакиевдин тууган-туушкандары, досторуна чейин куугунтук башталып, алды каза тапкан. 

Андан көп өтпөй Курманбек Бакиевдин иниси Ахматбек Бакиев колго түшүп, ал дагы темир тор артына кетип, бир нече убакыттан кийин Убактылуу Өкмөттүн кишилери Акмат Бакиевди жоготуп коюшкан. Баса, Акмат Бакиевдин алдына түрмөгө кирип, өмүрүн соодалашкан аткаминерлер, коркпой өздөрүн эми ачыктаса болот, далил бар.

УӨ, Жаныш Бакиевдин уулдары Чыңгыз, Искендер учурда чет өлкөдө. Кыргызстанга киргенге болбойт. Асыл Бакиевди кармап, соттошкон. Ошондой эле, Асыл Бакиевдин Т.К аттуу досун кармап, эскирген мүрзөгө алып барып тыгып, анын эртеси мүрзө каздырышкан. Жаныш Бакиевдин 11 жашар уулун кармап, кыйнашкан. Жаныш Бакиевдин жардамчысынын ата-энесин, кайын атасын сабап салышкан. Ал тургай Курманбек Бакиев менен кызматташкан аким, губернаторлор куугунттукка алынып, Нарын облусунун мурдагы губернаторун Тынчтыкбек Чекиевди белгисиз бирөөлөр атып, төрт жерине ок тийип, жарааттан каза тапкан. Белгисиз адамдар аткан октон Чекиевдин жубайы да жабыркаган. Муфтий Муратаалы Ажы Жумановчу?!

Урматтуу Раиса айым, куугунтук ушундай болгон, бул бир уучу гана! Убагында Атамбаев жана аны коштогондор, кар менен жаандын жаашын дагы Бакиевге жүктөп, элге жаман көрсөткөн. Ошондуктан Сиз “Алмазбек Шаршеновичтин убагында куугунтук болгон эмес” дегениңиз өтө уят. Алмазбек Шаршенович, кыргыздын канчалаган тыңчыкма жигиттерин темир тор артына тыккан. Азыр Атамбаевдин үй-бүлөөсүнө бийлик тарабынан куугунтук болгон жок, алар адам өлүмүнө  шектүү болуп жатса дагы бийлик Атамбаевчилерди “эркелетип” жатат. Раиса айым, бешенеңер бар экен, сабырдуу президенттин тушунда жамандык менен алек болуп калдыңыздар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости