www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык белгилүү актриса, Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын атайын чабарманы Анжелина Жоли 6-мартта Йемендин Аден шаарына барды. Бул тууралуу “Arab News” басылмасы билдирди.
Голливуд жылдызынын бул сапарынын максаты - дүйнө коомчулугунун көңүлүн Йеменде жети жылдан бери уланып келе жаткан согуштун йемен элине тийгизген катастрофалык кесепеттерине буруу болуп саналат.
"Ал йемендик үй-бүлөлөргө, анын ичинде жер которгон үй-бүлөлөргө жана качкындарга барып, согуш алардын жашоосун кантип талкалаганын түздөн-түз алардын өз оозунан угуп, жашоо-шарттары менен таанышат", - деп айтылат БУУнун агенттигинин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, БУУнун качкындар мекемесинде 2001-жылдан бери иштеп келе жаткан Анжелина Жоли буга чейин дагы Ирак, Камбоджа жана Кения өлкөлөрүнө барып, согуштарда жабыркаган жай тургундарга жолугуп, алардын абалы менен таанышкан.
Булак: NazarNews.kg