www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак депутат Жанарбек Акаев Алай районундагы Согонду айылынын тургундары Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип жатканын белгилеп: “Аталган көмүр кени экологияга чоң зыян алып келет. Андыктан бул жаатта берилген лицензияны кайрадан чакыртып алуу шарт”, – деди.

Ал эми депутат Бактыбек Чойбеков Талас шаардык жана райондук билим берүү башкармалыгы бириктирилип калганын жүйө келтирип: “Бирок мектептер аталган чечимге каршы болуп, сынактарда жана башка иш-чараларда ыңгайсыздык жаралып жатканын айтышууда. Андыктан быйылкы окуу жылында аталган мекемелер мурдагыдай калыбына келтириши керек”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле депутат Бакыт Төрөбаев Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү Жалгыз-Жаңгак айылында бала бакчанын курулушу башталып бирок бүтпөй калганын айтып: “Ошондой эле Сузак айылындагы бала бакчанын курулушу да бүтпөй жатат. Буга байланыштуу аталган курулуштарды планга киргизип, бүткөрүп берүү зарыл”, – деди.  

Ушундай эле маселеге токтолгон депутат Айсара Абдибаева Аксы районундагы С.Жоробаев жана С.Жээнбаев атындагы мектептер авариялык абалда экенин белгилеп: “Окуучулар кыйналып, билим алууларына ыңгайсыздык жаралууда. Андыктан, бул маселеге Министрлер кабинети тыкыр көңүл бурушу шарт”, – деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости