www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республика боюнча, долларга байланыштуу бүт маселелер 75 сомдон ашбаш керек. Мындай пикирин саясатчы Жылдыз Жолдошова билдирди.

«Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров, Улуттук банктын төрагасы чукул аралыкта саат эмес, секунд сайын өсүп бараткан доллар менен евронун бааларын жөнгө салбасаңар, абал оор.

Анткени, азыркы жагдай чоң толкундоолорго алып келиши талашсыз... Биздин өлкөдө акылга сыйбаган, бир да бийлик жөнгө сала албаган чооң маселе бар. Өзүбүздүн «сом» деген валютабыз бар болсо да.

Квартира алсаң да, же ижарага берилсе да, кредит, же машина сатып аласыңбы? Айтор, мамлекетибиз долларсыз бир да жашообуз өтө албагандай кырдаалга капталган. О.э. элибиз күнүмдүк тапкан, арзыбаган акчасына үй-бүлөсүн багат, кредитин төлөйт. Биздин республикабызда бир да адам болбосо керек, кредити жок?

Айрым аткаминерлерди эске албаганда. Өзүнүн элин ойлогон (жок дегенде, өзүнүн бийлигин сактап калам деген бийлик) 24-февраль 2022-жылы эле бүт күчүн жумшап, элди туңгуюкка келүүсүнө жол бербөөсү керек болчу. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө дейри, керек болсо «антикризистик» программаңар жок.

Мындан ары да, бийлик төбөлдөрү ыкчам чечим кабыл албаса, урматтуу бийлик төбөлдөрү Сиздерге «оппозициянын» кереги жок болуп калат...

Ошондуктан эмне кылыш керек?

Анда эмесе сунуш: КРнын ЖКши тез аранын ичинде жок дегенде 1$=75 сомдон бекитип, токтом аркылуу элге жеңилдик бергиле. Республика боюнча, долларга байланыштуу бүт маселелер 75 сомдон (фиксированная сумма) ашбаш керек. Башка жол жок, ансыз да элибиз 2020 жылдан баштап бүтүндөй кыйынчылыктарга, кымбатчылыкка, чек арадагы «чырларга, кан төгүүлөргө» ж.б. бийликтин кетирген катачылыктарына чыдап келе жатышат.

Менден бир кеңеш: урматтуу инилерим, элдин «чыдамы» менен азилдешпегиле...», - деп белгилеген Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости