www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сандык... Акыры апамдын сабыры чегине жетти... Кечки чайга жаны чогулуп отурганбыз. Дасторкондун үстүнө конфеттин түрүн коюп жайнатып калды. Менин жүрөгүм бир нерсени сезгендей конфетти карап шилекейим аккан менен көз жашымдын агаарын ойлоп отурдум. Алагой балакетиңди алайын момпосуйдан же деп апам жалынат. Уялып мен башты жерге салам. Атам экөө сүйлөшүп алып жасагандай сезилет. Атам да апам да ооз тийбей отурушту. Мага болсо буга чейин таттуу, бүгүн болсо калепмирдей ачуу сезилген түрдүү конфет көзүмө кубаныч тартуулаган менен көөдөнүмдө бир башкача сезимди ойготту. Чай ичип бүткөндө мага жакын кел деген атамдын үнү чыкты. Эшикти илип кой кемпир. Терезе парданы тарт деди. Кечээ эле союлган Асан атамдын кара улагынын бакырыгын эстедим. Мууздап жатканда аянычтуу бакырып барып мойнунан аккан канын көрүп улакты аяп ыйлап жибергеним көз алдыма тартылды... Денемди майда калтырак басып атамдын алдына бардым. Атам так маңдайына сыңар тизелеп отуруп бердим. Көзү сокур болгон үчүн сол колумдан кармап туруп оң колу менен башымдан ылдый сылап баштады. Оң жаагыма келгенде көзүмдү чылк жумуп тырышып отурдум. Мойнуман сылай баштады. Каруумду кармап келип булчуңумду кармап көрдү. Бутумдун башына чейин кармалап сылап келип кайра сол жагымды да ошондой кылды. Анан мени өзүнө жакын тартып келип: - Эээй балам, Аллах өмүрүңдү берсин. Каруу күчкө толуп келе жатасың. Жашың ондон өттү. Сенин түпкү атаң Манас. Сендей кезинде Чоң жинди атка конуп Ошпурдун койун кайтарып жүргөн. Жигит курап жоого даярданган. Он эки жашында хан болгон. Ал эми сенчи? Сенин алыңдын жеткени апаңдын сандыгы. Анын ачкычын таап алып момпосуй уурдап жеп жүрөсүң. Мен сени баатыр болот деп тарбиялап жатсам, сен болсо кара курсагыңдын камын көрүп, калмака кол салгансып апаңдын ашканасына уурулукка киресиң. Кара жанын кайырчы да багат. Сен элди бак. Манастын урпагысың. Манас атабыздай элдин камын ойло деди. Бактын башына конуп, бок чокуган карга да курсагын тойгузат. Аска зоону аралап учуп, аркар кулжаны шукшурулуп учуп келип учура тепкен бүркүт да жанын багат. Сен карга болбо балам. Сен бүркүт бол, -деди. Ар бир айткан сайын чекемден өөп койот. Мен болсо сокур атамдын ушунчалык мээрим төгүп мага түшүндүрүп айткан акыл-насааты жана ар бир сөзү кулагыма коргошундай уюп жатты... Аягында үстүнө кийип турган чапанын чечип жайнамаз кылып жерге жайды. Өзү туруп намазды кандай окуунун тартибин көрсөтүп берди. Анан мени оку деди. Атам көрсөткөндөй кайталап окудум. Мени бооруна кысып кучактады. “Менин көзүмдүн карегисиң уулум. Эми сен эр жеттиң. Мен өлгөндө эки рекет намаз окуп сообун сокур атаңа багыштап жүр”,-деди. Ичинен көпкө күңгүрөнүп отуруп бата кылды да ансыз да кызарган көздөрүнөн жаш куюлтуп дуба кылды. Момпосуй темасы унутулду. Мен атам менен кошо алакан жайып отурган менен оюмда Манас болгум келди. Бүркүт болуп асманга учуп аска-зоону аралагым келди. Анан Мейкиндин тоосун аралап бийик учуп Ала-мышык тоосуна барып, Нарындын телевышкасынын түнү бизге алыстан көрүнгөн кызыл лампочкасынын жанынан учуп өтүп кыялданып отурдум. Кайра келип Коңур дөбөнүн башына коноорумду элестеттим...Манас болуп жоого аттангым келди. Калмактын баарын колун кайрып байлап келип, мал кайтартып койгум келди...так ошентип мен кыялданып отурган кезде атамдын шолоктоп ыйлап жиберип, “Ээ, Аллах динибизден, дилибизден ажырата көрбө. Динибизге күч-кубат бер” деген сөзү кыялымды бузду... Мен эмнени кыялданып олтурам. Атам мага ыйлап эмне жөнүндө бата берип жатат деп ойлоп кеттим. Ошол күндөн тартып сандыктын оозу ачык калды. Момпосуйду уурдап жемек тургай дасторконго койсо жегим келбей өзүмдү Манас сезип, бүркүт сезип сезимимде учуп калдым. Сокур атамдын тарбиясы бүгүн бизге жетпей жаткандай сезилет...Атам кайра келбесин билсем дагы алдына барганда “Ата сизди уят кылбай жашадым” дегим келет. Апама ошол конфеттердин ордуна эмне алып барып берем деген ой келет... Куран окуп сообун багыштайм. Башка колумдан эмне келет...Ал эми апамдын сандыгы болсо, үйүмдөгү баа жеткис мурас болуп сакталып кала берет...Кадимки менин сүйүктүү Кыргызстанымдай!
Жамалбек Ырсалиев, жеке ишкер
Булак: NazarNews.kg