www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын апрель айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгымдары 12 млрд 592 млн 453,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Министрликтин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө республикалык бюджеттен 3 млрд 208 млн 212,7 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдарга 811 млн 915,3 миң сом жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө 8 459,0 миң сом бөлүнгөн.
Андан тышкары мамлекеттик (ички жана тышкы) карызды төлөөгө 3 млрд 584,5 млн 573 миң сом сарпталган. Калган каражаттар башка багыттар боюнча чыгымдалган.
Булак: NazarNews.org