www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы эки өкүлү коронавирус жуктурду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин отурумунда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, Москва жана Санкт-Петербургда ИИМдин 4 кызматкери иштейт, алардын ичинен экөөнөн оору тастыкталды.

«Биз өкмөткө ИИМдин өкүлдөрүнүн санын жана эмгек акысын көбөйтүү боюнча сунуш киргиздик. Учурда комиссия бул маселени карап жатат. Кызматкерлерди дарылоо боюнча Россиянын ИИМнин башчысына кат жөнөттүм, алар жардам берип жатышат», - деди министр.

Булак: NazarNews.org

Последние новости