www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда университетте чет өлкөлүк студенттердин билим алуусуна байланыштуу мыйзам бузуулар тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Окуу жайга расмий түрдө кабыл алынган бир нече чет өлкөлүк студент иш жүзүндө өлкөдө жок экендиги жана окуу процессине катышпаганы аныкталган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. Текшерүүнүн жыйынтыгында 59 чет өлкөлүк студентти окуудан чыгаруу чечими кабыл алынды. Алар:

- Өзбекстан Республикасынын 30 жараны,

- Казакстан Республикасынын 20 жараны,

- Россия Федерациясынын 9 жараны.

Азыркы учурда мыйзам бузууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда»,- деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости