www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.К.Жылкыбаевдин 2019-жылдын 10-июлунда Араван районунда Мрамор таш даярдоочу цехтин иши менен таанышты.
Араван айылынын “Ош – 3000” көчөсүндө «Натурал Стон» ЖЧК сы тарабынан долбоордук сметалык баасы 35,0 млн сом турган мрамор иштеп чыгуучу заманбап цех курулуп, 2019-жылдын апрель айында ишке берилген эле.
Мында 16 киши үчүн жумушчу орун түзүлүп, 2 сменада иштеп, күнүнө 200 куб-метр тоо ташы кайра иштетилип чыгарылган даяр мрамор таш Россияга жана Казакстанга экспорттолууда.
Ишкананын ээлери – жеке ишкерлер Санжарбек Таабалдиев жана Нурмухаммат Турсунов мырзалардын билдиришинче ишкерликти колдоо боюнча текшерүүлөргү жарыяланган мораторий жана облустагы ишкерликке болгон жагымдуу климат ишкананын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Учурда сырьену Өзгөндүн Жалпак-Таш аймагынан жана Аравандан алышууда. Учурда ишкананы кеңейтүү иштери башталган.
Булак: NazarNews.kg