www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевден коронавирус аныкталды. Бул маалыматты  NazarNews маалымат агенттигине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы тастыктады.

"Карантин режими киргизилгенден бери дарыгерлер менен милиционерлерден кийин эле мамлекеттик кызматкерлердин айрымдарына коронавирус жугуу тобокелдиги бар экенин билгенбиз. Анткени алар гумжардамдарды таратуу, "Жүк-200дү" алып келүү сыяктуу иштерде эл менен байланышта болушкан. 

Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевден эки күн дене табы көтөрүлгөндөн кийин кечээ, 18-июнда анализинен оору аныкталды. Учурда дарыланып жатат. Биз телефон аркылуу байланыштык, акимдин абалы жакшы", - деп маалымдады Кадырбек кызы.

Араван райондук мамлекеттик администрациясынын бардык кызматкерлеринен ПЧР-анализ алынып, баарынын жыйынтыгы таза чыккан.

Эске сала кетсек, Бүгүн, 19-июнга карата Кыргызстанда дагы 132 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен он эки адам Ош облусунда катталды. Араван районунда илдетке чалдыккан кишилердин жалпы саны 8ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости