www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына карата Орусия Федерациясындагы миграциялык каттоонун мөөнөтү токтотулгандыгы тууралуу маалымат. 2020-жылдын 15-июнунда Орусия Федерациясынын Президенти В.В.Путин 2020-жылдын 18-апрелиндеги №274 “Жаңы коронавирустун андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Орусия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуунун убактылуу чаралары жөнүндөгү” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2020-жылдын 15-июнундагы №392 Жарлыгына кол койду.

Бул Жарлык (№392) 2020-жылдын 16-июнунда күчүнө кирди. Жарлыкка ылайык 2020-жылдын 15-сентябрына чейин төмөнкү документтердин мөөнөтү токтотулуп турат: визалар; убактылуу жашоого уруксат (РВП); Орусия Федерациясында жашап турууга уруксат (ВНЖ); колдонуу мөөнөтү жөнүндө белгилери бар миграциялык карта; качкындардын күбөлүктөрү; Орусия Федерациясында качкын макамын алуу жөнүндө арызды карап чыккандыгы жөнүндөгү күбөлүк; Орусия Федерациясындагы убактылуу башпаанек жөнүндөгү күбөлүк; Мамлекеттик программанын катышуучусунун сертификаттары.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин биринин 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки убакыттын аралыгында жарактуу мөөнөтү бүтсө, документ автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин жарактуу болот.

Бул категориядагы Кыргыз Республикасынын жарандары, башка чет өлкөлүк жарандар сыяктуу эле, жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылуунун кереги жок.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын жаранынын үстүбүздөгү жылдын 16-мартында миграциялык картасы, убактылуу жашап турууга уруксаты, же Орусияда жашап турууга уруксаттын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, ал автоматтык түрдө 2020-жылдын 15-сентябрына чейин узартылат. Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылуунун кажети жок.

Ошондой эле, чет өлкөлүк жарандарына карата Орусия Федерациясында убактылуу туруу; Орусия Федерациясында убактылуу же туруктуу жашоо; миграциялык каттоого туруу, мекендештерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн көчүрүп келүү программасынын катышуучуларынын (убактылуу жашап турууга уруксаты же Россияда жашап турууга уруксаты бар жарандар) Орусия Федерациясынын чегинен тышкары жерде жүргөн убактысынын (эгер алар Орусия Федерациясынын аймагына 6-айлык мөөнөттүн ичинде кире алышпаса), Орусия Федерациясынын аймагынан административдик түрдө чыгаруу, депортация же реадмиссия жөнүндө чечим кабыл алынган чет өлкөлүк жарандардын Орусиядан ыктыярдуу чыгып кетүү мөөнөттөрү 2020-жылдын 15-сентябрына чейин узартылды.

Эгерде Кыргызстандын жарандарынын миграциялык каттоонун мөөнөтү 15-марттан 15-сентябрга чейинки аралыкта бүткөн болсо, анда ал автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин узартылат.

Башкача айтканда, көрсөтүлгөн мөөнөттө Кыргызстандын жарандары башка чет өлкөлүк жарандар сыяктуу эле миграциялык каттоосунун мөөнөтүн узартуусун кажети жок.

Бул категориядагы Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылуунун кереги жок.

Башкача айтканда, эгерде Кыргыз Республикасынын жаранынын миграциялык каттоосунун мөөнөтү 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки убакыттын аралыгында бүтсө, каттоо автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин жарактуу болот.

Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылуунун кажети жок.

Эгерде миграциялык каттоонун мөөнөтү 2020-жылдын 15-мартына чейин бүткөн болсо (б.а. үстүбүздөгү жылдын 1-мартында), Орусияда жүргөнүңүздү мыйзамдаштыруу үчүн, учурдагы кырдаалга жана Орусиянын чегинен тышкарыга чыга албагандыгына байланыштуу, Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигине тезинен Орусия Федерациясында убактылуу жашаган жеринде каттоо үчүн арызы менен кайрылууну сунуштайбыз.

КӨҢҮЛ БУРУУ ҮЧҮН! Иштөөгө уруксатынын, иштөөгө патенттеринин, чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга жана пайдаланууга уруксатынын мөөнөтү токтотулбай тургандыгына көңүл буруп кетебиз.

Тактаганда, жумуш берүүчү тарап чет өлкөлүк жаран менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны менен, эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөн күндөн тартып 3-жумуш күндүн ичинде Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын миграция бөлүмүнө билдирме берүүгө милдеттүү.

Башкача айтканда, эгерде Кыргыз Республикасынын жарандары жумушка кирсе, иш берүүчүлөр Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигине жумушка орношуу жөнүндө тиешелүү билдирүүнү жөнөтүшү керек.

Маалымат үчүн: Буга чейин Орусия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 274 Жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан 15-июнуна чейин эмгек ишмердигин эмгек же жарандык-укуктук келишимсиз жүргүзө алышчу.

Орусия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 274 Жарлыгынын 2-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2020-жылдын 15-марттан 15-сентябрга чейин чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу төмөнкү чечимдер кабыл алынбайт:

- алардын өлкөдө жашашына же туруусуна мүмкүн эместиги жөнүндө;

- Орусия Федерациясынан административдик түрдө чыгаруу жөнүндө;

- депортация же реадмиссия жөнүндө;

- качкын статусунан же убактылуу баш калкалоодон ажыратуу жөнүндө;

- мурда берилген визаларды, иштөөгө уруксаттарды, патенттерди, РВПны, Орусияда жашап турууга уруксатты, мамлекеттик программанын катышуучусунун күбөлүктөрүн жокко чыгаруу жөнүндө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости