www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Араван районунун Достук айыл өкмөтүнө караштуу Даңги тилкесинде суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, министр Эрлист Акунбеков суу сактагыч курула турган жер тилкесин көрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.
Суу сактагыч курулса, аймактагы сугат маселесин чечүү жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.