www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арбакты сүйгөн кыз

Бул окуя тээ илгери, жыйырманчы жылдардын аяк ченинде, Жумгал районуна караштуу бир айылда болгон айтылат.

Ал кезде элдин саны аз, талаа түз ээн. Көпчүлүк кокту колотто жашап, караңгылык күчүндө. Сайра эне, жалгыз кызы менен чоң суунун башындагы коктуда жалгыз жашап турган. Бойго жетип калган кызы Жамалга атайын эскерткен “Кызым, түш оогондон кийин ылдый жакка сууга барбай жүр, сенден сураныч” деп. Бул кезде абышкасы менен уулу жакага эгин сугарганы, үч күнгө кеткен болучу.

 Жамал айтылган сөзгө анча деле көңүл бурган жок. Ошол күнү кир жууп, үйдө суу калбай калганда, апасы жол карап ылдый кеткенден пайдаланып сууга келди. Алгач эч нерсе деле байкаган эмес, жаңы гана суу алып бери басканда, алдын тосуп, жаш жигит чыкты да:

- Чоң кыз, сиз эч нерсени байкабайт экенсиз?-деди. Жамал ал жигитти көрүп эле, биринчи көз караштан дароо жактырып калып, аны менен кантип таанышып, сүйлөшүп калганын байкабай калды. Бир азга сөз уланып, сөз кезеги келгенде жигит “эртең дагы ушул маалда, ушул жерден күтөм” деп, узатып койду. Жамал тун сүйүүг кабылып, ал күнү не бир түркүн таттуу кыялга батып, түн ортосуна чейин уктабай чыкты. Эртеси эртең менен жакадан атасы менен байкеси келип, дагы бир апта жакада болушарын айтып, азык-түлүк алып кайра кетишти. Жамал болжошкон учурда, апасынын көзүн жазгырып, баягы жерге келсе жигит күтүп турган болот. Бул күнү экөө көпкө турушту, ар нерсени сүйлөшүп. Жамалдын чындап сүйүүсү козголуп, тиги баласыз жашоо кызыксыз болуп калды. Эртеси дагы жолугушууга барганда, апасы көрүп калды да Жамалга айтты:

- Ал баланы үйгө ээрчитип кел. Мен сага жакшы эле айткам “түш оогондо сууга барба” деп. Эми сен өз көзүң менен көрмөйүн баары бир ишенбейсиң. Мен ал бала менен жакындан сүйлөшөйүн-дейт, сыр бербей. Жамал бул сунушка макул болуп, эртеси алиги жолугушуп жүргөн жигитин үйүнө, кечки тамак учурунда чакырып келет. Бала Сайра эне менен кадимкидей учурашып, берилген суроого так жооп бергени менен такыр тамак ичпейт. Кырааккы эне баарын айтырбай түшүнөт. Сөз кезегин келтирип тиги бала:

- Эне, Жамал экөөбүздүн жылдызыбыз келишип калды. Эртең алып кетем-деди эле Сайра эне:

- Алсаң алып кет. Алгач ага арнаган кийимдерин алып үйүңө жеткир, анан өзүн аларсың-дейт. Бала бул сунушка макул болот да, үйдөн жыла басып сыртка чыгып кетет. Сайра эне кызы Жамалга дале эч нерсе айтпайт. Айтса иш оңунан чыкпай калышы толук мүмкүн болучу.

Эртеси айтылган убакта бала келип, Сайра даярдап койгон Жамалдын кийимдерин бирден ташыйт. Жамал ал баланын келип кеткенине алгач кызыкканы менен уйку азгырып, уктап калат. Улам убакыт өткөн сайын Сайра эненин чыдамы кете баштайт. Акыры кыздын болгон кийимин ташып бүткөндө курган эне, акыркы мүмкүчүлүгү кызынын жүз аарчысын берет. Бала жаңы гана үйдөн узаганда, оңдой берди болуп, чыдамсыздык менен күткөн эненин тилеги кабыл болуп, короз кыйкырып калат. Ошондо, Сайра эне өзүн таштап салат да, чоң балакеттен кутулганына сүйүнүп, уйкуга баш коёт.

Эртеси алгач Жамал ойгонуп, анан апасын ойготкондо, Сайра эне эми учуру келди деп, болгон окуяны айтып берет да, анан кызын ээрчитип, алиги баланын изи менен баратышып, алгач Жамалдын жүз аарчысын жолдон табат. Андан соң улам бир кийимин таап жүрүп олтурушуп, акыры үстү ачык мүрзөдөн калган кийимин көрүшөт. Көрсө ал үстү ачык мүрзө эбак эле бул дүйнөдөн өтүп кеткен, бир байдын жалгыз баласынын мүрзөзү болот. Эгер, ал бала, баардык кийимди короз кыйкырганга чейин ташып бүтсө, анда кыздын жанын алып кетмек экен. Болгон окуяны өз көзү менен көргөн Жамал, ошондо гана арбакты сүйүп калганын билип, апасы бекер “түш оогондон кийин сууга барба” деп айтпаганына түшүнүп, кетирген күнөөсүн моюнга алган экен. Ошол окуядан кийин тез эле алар, ал чөлкөмдөн көчүп кетишиптир. Болбоосо алиги баланын арбагы кызды жөн койбой алып кетет беле ким билет. Бул окуя менен эмнени айтмакчыбыз. Биздин кадырлуу карыларыбыз, бекер жерден манилүү сөз айтпайт. Азыр деле элет жеринде жашаган кыз- келиндер түш оогондон кийин, агып жаткан сууга барбаганы оң. Өзгөчө жайлоодо жана тоо арасында жашагандар. Анткени эски мүрзөлөрдөн кандайдыр бир элестер көрүнүшү мүмкүн.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости