www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы орус жарандыгы үчүн мандатынан ажыратылган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун арызын карап, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коргонбай уулу Орусиянын паспорту менен төрт жолу кыргыз чек арасынан өткөнүн билдирди. Анын айтымында, Чек ара кызматы бул маалыматтарды тастыктаган.

Аймактык шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталганын билдирип, 19-декабрда аны мандатынан ажыраткан.

Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын албаганын билдирип, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жана мандатты кайтаруу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. Маселе оңунан чечилбесе сотко арыздана турганын билдирген.

Кыргызстанда чет мамлекеттин жарандыгын алган аткаминерлер маселеси буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка жетекчилерге байланыштуу да көтөрүлгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости