www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында акимдин балатысы болуп өттү.

Аталган майрамдык иш чарада район башчысы жалпы балдарды келе жаткан жаңы -жылы менен куттуктап, өз өлкөсүнүн келечек муундарын көрүп, келечек алардын колунда экенин баса белгилеп, бактылуу балалык, окууларына ийгилик жана жаркын келечек каалады.

Концерттик программа менен коштолгон район башчысынын балатысы жалпы балдарга көнүлдүү маанай тартуулап,кичинекей бөбөктөр жомоктор дүйнөсунө жетеленди.

Белгилей кетсек,  жалпысынан аталган майрамдык иш-чарга Ысык-Көл районундагы 130 томолой жана жарым жетим балдар район башчысынын колунан таттууларды жана Жаны-жылдык белектерди алышып, Ысык-Көл тойканасында балдар үчүн ысык тамак уюштурулду.

Андан соң, район башчысы Чолпон-Ата шаарындагы "Ибн-Сина" атындагы балдарды калыбына келтирүү реабилитациялык борбордогу балдарды да жаны-жылы менен куттуктап, жакшы тилектерин айтып, белектерди тапшырды.

Бала жылмайса- аалам жылмаят. Жаңы -жылыңыздар кут болсун, кичинекей бөбөктөр!

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости