www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата-Мекенге" оомат келгендей. Эгер өлкөдө калыстык орноп, Шыкмаматов акталып, Текебаев чыгып жаткан болсо, анда Садыр Жапаров да акталып чыгышы керек. Эгер андай болбосо, анда жөн гана конкреттүү адамдарга карата сүйлөшүү болгону далилденет...деген пикирин эркин журналист Кудрет Тайчабаров социалдык тармагына жазып чыкты.

Андан сырткары: -"Текебаевди айыптаган Маевский өзү кылмышкер болуп камалганы эске алынып жатса, анда Жапаровдун ишинде жабырлануучу катары каралган Каптагаев доом жок, анын күнөөсү жок деп жүргөнү эске алыныш керек. Жапаров чет өлкөдө жүрүп кантип басып алууга катышмак эле? Эгер телефондон ушундай кылгыла деген команда берген болсо, кана записи? Түз далилдер жокпу, анда чыгышы керек. Тем более ал башка адамдарга окшоп өлкөдөн качып кетпей, сыртта жүрүп камап коюшун билип туруп өзү келген (күнөөлүү эмес экенин өзү билген үчүн).  Айрымдарга окшоп "келсин!" акциясын уюштурбай шымды татыктуу кийгендер, жүрөгү барлар өзү эле келет...  Акыйкаттык орун алып жатат, президент калыс деген саясат жүрүп жатса Жапаров да чыксын. Ал киши да ушунун айынан канча жакынын азапка салып, атасынан да айрылды...  А эгерде Жапаров чыкпай туруп Текебаевдин чыгышына адилеттик жөнүндө сөз кылсаңар, башкача эле түшүнөм сөздүн ачыгы", деп кошумчалаган Кудрет Тайчабаров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости