www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Аталган мыйзам долбоору 65 жаштан өткөн жарандарга мектеп директору болууга тыюу салууга багытталууда.

Талкуу учурунда депутат Умбеталы Кыдыралиев Билим берүү жана илим министрлигин "кызмат ордун бөлүштүрүүдөн башка маселе жокпу" деп сынга алды.

"Талашканыңар 65 жаштан кийин мектеп директорлугуна койбой коюубу? Билим берүү тармагында мындан башка толтура чече турган маселе бар. Жөнөкөй эле китептердеги кетирген каталарды карап, ошол маселени чечпейсиңерби? Учурда менин колумда китептерде кетирилген каталар боюнча 15тен ашык кат турат. Жаңы китеп чыгарабыз дейсиңер. Бирок 1-класстын китебине 2-класстын китебинин сыртын чаптап, чыгарып жатасыңар", - деди эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости