www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арменияда аскердик режим алынды

Армениянын парламенти июнга белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун алдында өлкөдөгү аскердик абал режимин токтотууну колдоду. Бул чечим үчүн 132 депутаттан турган парламенттин 118 мүчөсү "макул" деп добуш берди. Аскердик абал былтыр күзүндө Тоолуу Карабак үчүн Азербайжан менен согуш учурунда киргизилген.

Алты аптага созулган куралдуу жаңжал Азербайжан, Армения жана Орусия үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин гана токтогон. Анын жыйынтыгында жикчил Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери киргизилген.

Тоолуу Карабак үчүн кармашта жеңилүү ызасын тарткандан кийин оппозиция буга премьер-министр Никол Пашинянды күнөөлөп, кызматтан кетишин талап кылып келген. Бир нече аптага созулган саясий кризисти жөнгө салуу максатында 20-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости