www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бийлик бутактарында тең салмактуулук сакталган эмес”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Бийлик бутактарынын тең салмактуулугун жана балансын сактаганын ордуна, Президентке эбегейсиз чоң бийлик берилген. Кадрлар: министрлери, алардын орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, соттор жана прокурорлор. Андан башка – финансы тармагы толук президентте, аларды контролдоо органы – Эсеп палатасы, кыскасы бардыгы Президентте. Американын президентинде да мындай укуктар жок. Анын түшүнө дагы кирбесе керек ушундай укуктарды алуу. Сотторду дайындоону, жумуштан бошотууну, баарын президент өзүнө алгандыгына байланыштуу, сот бийлиги ага толугу менен көз каранды анысы аз келгенсип, анын администрациясына дагы көз каранды. Жогорку Кеңеш дагы президентке көз каранды болуп калган. Жогорку Кеңештин көз карандылыгынын ачык белгиси, эгерде депутат, он күн ишке чыкпаса депутаттык мандаттан ажырайт экен. Бул депутаттардын мойнуна байлаган жип, кайда жетелесе ошол жака кете берет. Президенттин колунда ММКлары, прокурору, соту. УКМКсы, кыбыр эткендердин баары турганда “каалаган” депутатына “он күндү” жасап, элге “прогульщик”деп, сиңдирип эле койбостон, жамбашка тээп айдап чыгыш техникалык эле маселе болуп калат”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости