www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения парламенттик мамлекет ошол үчүн өкмөт башчысы мамлекетти жетектейт. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Аны Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат.

Пашиняндан мурун Орусиянын, Казакстандын жана Беларустун өкмөт башчылары Дмитрий Медведев, Аскар Мамин жана Сергей Румас келишкен.

Премьер-министрлерди президент Сооронбай Жээнбеков да кабыл алат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости