www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тамчыга өкмөт башчылары “тама баштады”

Орусиянын премьер-министри, 2008-жылдан 2012-жылга чейинки президенти Дмитрий Медведев Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт аралык кеңешине катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келди. Медведев 9-августта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугаарын билдирди.

ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат.

Медведевден мурун Казакстандын жана Беларустун өкмөт башчылары Аскар Мамин менен Сергей Румас келишкен. Премьерлерди Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости