www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын бийликтери жакын арада аялдардын куралдуу күчтөрдө өз ыктыяры менен аскердик кызмат өтөөгө киришүүсүн пландаштырууда, деп билдирди премьер-министр Никол Пашинян 28-январда белгиленүүчү Армия күнүнө карата кайрылуусунда.
«Жакынкы арада биз Армения Республикасында жаңы институтту — аялдардын ыктыярдуу аскер кызматын киргизүүнү пландап жатабыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда, Пашинян келишим боюнча кызмат өтөп жаткан аялдарга, анын ичинде согуштук аракеттерге ыраазычылык билдирди.
Премьер-министр ошондой эле үч айлык аскердик окуу жайларды ай сайын же 25 күндүк машыгууга алмаштыруу процесси башталганын билдирди. Мындан тышкары, бийлик армияны заманбап курал-жарак жана аскердик техникалар менен камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын, мүмкүн болушунча жергиликтүү өндүрүшчүлөргө дем берүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg