www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурда элдин артында эле жүргөн, эч ким тааныбаган Акылбек Түмөнбаев жаңы бийлик келгени жан сабап, мандатка жетип, байлыкка марып калган чагы. Үй-бүлө мүчөлөрү, өзү баш болуп кымбат баалуу жолтандабастарды минип жүрүшөт.
Бишкек шаарында эки хансарайды салып атканы кабарланды. Мурда бизнестин битин сыкпаса, азыр кайдагы миллиондорду айландырууда? Шек жаралат бекен? Өздүк булагыбыз билдиргендей, Акылбек Түмөнбаев кадр саясатына кийлигишип, ишкерлерди калкалап, ушул таризде акча жасоонун кыныгын өздөштүргөнбү?
Бир белгилүү полковниктен (убагы келгенде атыжөнү ачыкталса) 100 миң доллар алып, ИИМдин орун басарлыгына (генералдык чини менен) убада кылды беле? Бул суроого жооп бере алабы? Тиги полковник акыйып күтүп отурабы? Министр Улан Ниязбековдун тынчын кетирип, Акылбек Түмөнбаев суранып атса, бүтүм чыгарууга мезгил келдиби? Чет-жакасы кылтыйып шек жаратса, колго чаап койбойбу? “Шамал жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” дейт.
Береги полковник жакын адамдарына ымандай сырын төгүп, Түмөнбаевди тар чөйрөдө түйүлө сөгүп атса, акыры кыңыр иш ачылабы? Алдыда чоң чатактар чыкчудай го... Таңгаласың, же президенттин кудасы болсо эле кутура береби?..
Булак: Азия News гезити