www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арча-Бешик конушунун, Чортеков көчөсүнүн жер ээлеринин президент Садыр Жапаровго кайрылуусу:

«Жер ээлери 2005-жылы Ленин районунун 266-токтом, жана башка токтомдордун негизинде Арча-Бешик конушунан жер тилкесин бөлдүрүп, кызыл китептерин жана жердин токтомдорун мыйзамдуу түрдө алышкан.

Азыркы Бишкек шаарынын мэри кызыл китептерди жокко чыгарууга аракет жасап жатыптыр. Эмне үчүн?

Жалпы Кыргыз Республикасы боюнча жүз миңден ашуун документи жок мыйзамсыз үй салып алган карапайым элдин акыбалын туура түшүнүп, президентибиз Садыр Нургожаевич Жапаров өзүнүн саясий эрки менен жоопкерчиликти өз мойнуна алып, бир жолку турак жай амнистия мыйзамын чыгарып, кол коюп берди эле.

Документи жок жүз миңдеген адамдар президенттин указынын негизинде колдоруна кызыл китептерин алып жатышса, Чортеков көчөсүндөгү 135 үй бүлө колдорунда кызыл китептери, райондун токтомдору туруп, жерсиз талаада калып жаткандыгы кайсыл мыйзамга, жана кайсыл адамгерчиликке жатат. Бул мэриянын президенттин саясатына каршы жүргүзүп жаткан саясаты эмеспи?

Кызыл китеби бар элдин китебин жокко чыгарам деген мэрдин бул жерде кандай кызыкчылыгы бар? Бул маселелер боюнча иликтөө иштерин баштадык», деп жазылган кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости