www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арнабек уулу Азамат Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Арнабек уулу Азамат Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

"Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Арнабек уулу Азамат Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости