www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Ооганстандагы абал күндөн-күнгө күчөп жаткандыктан Орусиянын президентинин кооптонуусунда негиз бар деп эсептейт.
--“Путиндин айтканы абдан туура. Миңдеген качкындар келсе алардын арасында кимдер бар, ким кепилдик берет? Экинчиден пандемия шартында алардын келиши эпидемиологиялык абалга кандай таасир этет? Качкындардын саны күндөн-күнгө көбөйө баштайт. Анткени Ооганстанда ич ара согуш башталып, талибдерге каршы альянс түзүлүп каршылык көрсөтүлүп жатпайбы. Орусиянын президентинин кооптонуусунда негиз бар.
Качкындар каякка качат? Сөзсүз кошуна мамлекеттерге качат. Коркунучтарды эске алуу менен эл аралык милдеттенмелерди өлкө кызыкчылыгына жараша аткаруу керек”, - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg