www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Артур мырза, сиздердин НДПК эмне болуп жатат, чоо-жайын өзүңүздөн уксак?
- Бишкек шаардык кеңешинде НДПК ат салышып, анда 3-орунду ээлеп, 15 миң добуштун ээси болду. Бардык шайлоо участкаларында биздин партиянын мүчөлөрү катышып, агитация, пропаганда, партиянын программаларына түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү. Ошон үчүн ушундай жеңишке ээ болду десек болот.
Экинчиден, шайлоочулар бизге ишенип добуштарын берип жатат. Себеби, партия мүчөлөрүн арасында согуштун, укук коргоо органдарынын ардагерлери, коомдук ишмерлер, прогрессивдүү жаштар, шаардык кеңеште иштеп кеткен мурдагы кызматкерлер, ордо калаанын бардык көйгөйүн түшүнгөн адамдар бар.
Бирок, тилекке каршы, жекшемби күнү түнкү саат экиде Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын (БШШК) чечими менен НДПКны катардан чийип салганы бизди да, шайлоочуларды дагы абдан таң калдырды. Биз буга макул эмеспиз. Себеби, БШШК өздөрү шайлоо кодексин бузуп, ушундай мыйзамсыз жолго барганын бардык юристтер, укук коргоочулар белгилеп жатышат. Шайлоо кодексине ылайык БШШК андай шайлоодон НДПКны же башка партияны чыгарууга укугу жок. Ал укукту Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) гана ала алат. Ал дагы соттун чечиминин негизинде, күнөөлөрү далилденсе. Ал эми келтирип жатышкан эки мисал тең ойлонуп чыгарылган пикирлердин, имиш-имиш, фейктердин негизинде болуп жатат.
- Сиздердин НДПК кандайдыр бир каршылык акциясын кыласыздарбы?
- Биз 2005-2010-жылдардагы шайлоо убагында жана шайлоодон кийинки болгон окуяларды, ошонун натыйжасында чыккан чатактарды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Дайыма шайлоо болуп жатканда жергиликтүү шайлоо комиссиялары өздөрү провокациялык иштерге барганы биз үчүн түшүнүксүз. Себеби, биздин шайлоочулардын көбү БШШКнын чечимине каршы болуп, укук деңгээлинде өздөрүнүн позициясын билдириш үчүн ар кандай пикет, митингге чейин барганга аракет кылышкан. Бирок, биз алардын баарын токтотуп, мыйзам чегинде өзүбүздүн арызыбыз менен БШКга кайрылып, алар адилеттүү чечип беришин талап кылып турабыз.
- Кимдир бирөөнүн таасиринен улам ушундай жагдайга туш келбедиңер бекен?
- НДПК 10 жылдан бери шайлоолорго, шайлоо процесстерине катышып келген, катыша берет. Бул чечимге кандайдыр бир чиновниктер же кандайдыр бир адамдар таасирин тийгизип, ушул боюнча НДПКны четтетсе, алар терең жаңылышат. Абдан туура эмес, алар үчүн чоң ката кетирген болот.
- «Бу жолку партиянын шайлоо каржысына Бакиевдердин тийешеси бар» деген кеп коомчулукка желдей тарады...
- Бакиев Жанышы дагы, Курманбеги дагы эч убакта биздин партияга бир тыйын да берген эмес. Алардан албайбыз дагы. Мунун баары жалган ушак, көралбаган акмактар ар дайым тескери маалыматтарды чыгарып, таркатып жүрүшөт. Дале таркатып жатышат.
Булак: Азия News гезити