www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Японияда COVID-19 күчөп жатканына байланыштуу борбор шаары Токио жана айрым аймактарда кайрадан өзгөчө кырдаал жарыяланат.
Японияда COVID-19 га карата чаралардан жооптуу кабинеттин мүчөсү Нишимура Ясутоши пресс-жыйын өткөрүп, коронавирус жана анын түрлөрүнүн жалпы өлкөдө кайрадан көбөйгөндүгүн айтты.
Эпидемия менен күрөшүүдө өзгөчө кырдаалдын маанисине токтолгон Нишимура: «Жогорку деңгээлдеги жугуштуу түрлөрүн көзөмөлгө алуу үчүн дагы күчтүү чараларды көрүүбүз керек», - деди.
29-апрель жана 5 - май күндөрү «Оогон Шуукан» башкача айтканда «Алтын жума» эс алуусунун бейтап санын чоң өлчөмдө арттырарынан тынчсызданган Нишимура элди үйлөрүндө отурууга үндөдү.
Премьер-министр Суга Йошихиде өкмөткө караштуу COVID - 19 кеңешүү комитетинин сунуш чечиминен кийин аткарыла тургандарды жарыялайт.
Борбор шаары Токио менен Осака, Хиого жана Киото шаарларында 25 - апрель жекшемби күнү кечинде баштала турган өзгөчө кырдаал 11 - майга чейин созулат.
2020 - жылы апрель айы менен 2021 - жылдын январь айында Япониянын түрдүү аймактарында эки жолу өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg