www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Юстиция министри Асель Чынбаева аталган министрликтин алдындагы Пробация департаментинин иши менен таанышты, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө Асель Чынбаева Пробация департаментинин жетишкендиктери жана болгон көйгөйлөрү, ошондой эле кызматкерлердин иштөө шарттары менен таанышты.

Министрликтин башчысы коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган кылмыш жазаларын аткаруу, жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын, пробациялык көзөмөл чөйрөсүндө, пробациянын кардарларын кайра социалдаштыруу, укук бузууларды алдын алуу маселелеринде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарылдыгы жөнүндө белгиледи.

Ошону менен бирге толук кандуу иштөөсү үчүн “Пробация” автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүү боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Чынбаева департаменттин кызматкерлерине коюлган максаттарга жетүүдө жемиштүү жана ийгиликтүү иш каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости