www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата-Мекен” партиясы октябрдагы парламенттик шайлоодо Жанар Акаевди алдыга сүрөгөн. Буюрса Акаев “Ата-Мекен” партиясы парламентке келсе фракция жетекчиси болмок. Көп жылдар парламенттик фракцияга Өмүрбек Текебаев фракция жетекчиси болуп келген. 2017-жылы февралда президенттик шайлоого тоскоолдук кылбаш үчүн Орусия президенти Владимир Путин келген күнү Маевскийдин шылтоосу менен чет мамлекеттен келаткан Текебаевди камап салышкан. Анын ордуна “Ата-Мекен” партиясына жөтөлсө оозунан жөргөмүш учкан Алмамбет Шыкмаматов фракция жетекчиси болот. Ал парламентти таштап кеткенде ордуна олигарх Турусбек Мамашевдин кызы Айсулуу Мамашева фракция жетекчиси болот. Парламенттик шайлоодо экөө тең “Ата-Мекен” партиясынын туусун көтөрүшкөн жок. Алмамбет Шыкмаматов “Бир болдун”, ал эми Мамашевдер ”Замандаш” партиясынын байрагын көтөрүп чыгышкан. Эми Шыкмаматов Садыр Жапаровдун Туусун көтөрсө, Мамашева айланчыктап “Ата-Мекенге” келди. Ал эми “Ата-Мекендин” байрагын көтөрүп чыккан мурунку СДПКчылар Элвира Сурабалдиева менен Рыскелди Момбеков тууралуу “Ата-Мекен” жөнүндө сөз болгон жок, “Ата-эне мекен” жөнүндө сөз болгон. Элвира Сурабалдиева менен бадыраң өстүрүп жүрүп “Ата-Мекенге” кошулган “Шао-Лин” башаламандыктан пайдаланып бийликти басып алышкан, 100 күнгө жетпей аларды бийликтен кууп чыгышты. Эми “Ата-Мекен” партиясы бийликтен жыдыган сулуу Сурабалдиева менен “Бадыраңды” кабыл алабы? 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында “Ата-Мекен” партиясы Аида Салянова, Садык Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, Айсулуу Мамашева сыяктуу олигархтардын тууган-туушкандарын кабыл алган. Эми да шайлоо алдында турат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg