www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орустарда кеп бар: «каждый думает по мере своей испорченности» - деген. Ошол сыяктуу АША эки сөзүнүн биринде «предатели, предатели сатып кетти» - деп безилдесе жанына адам тура албайт. Анткени өзү саткын болгону үчүн башкаларды да ошентип ойлойт шекилдүү.

Ойлоп көргөн адамга Сооронбай Жээнбсков АШАга окшоп бирөөнү саткан жок. Болгону коррупцияга белчесинен баткан АШАнын ууру кески бандасы менен бир болуудан баш тартып, элдик президент болууну эп көрдү.

Артка кылчайып карасак. АША дайымаэле саткынчылык менен күн көрүп келгенине күбө болобуз. Мисалы айтсак толуп атат, анын бир-экисине эле токтололу! Биринчиси, өзүн бийликке алып келген убактылуу өкмөттүн баардык мүчөлөрүн сатты. Сатып эле тим болбостон камаганын камап, кемсинткенин кемсинтип, керек болсо экс-президент Роза Отунбаеваны элдин көзүнчө «Ала-Тоо» аянтынан кубалап түшкөнгө чейин барды.

Экинчиси апрель революциясынын максаттарын сатты. Муну менен ал окко учкан кырчындай жигиттердин өмүрүн сатты. Өзү болсо революциянын жемишин көрүп, бир ууч «ат кошчулары» менен эбегейсиз байлык топтоду. Андыктан, Кыргызстанда АШАдан ашкан саткын жок, Аскардан (Акаев) ашкан качкын жок.

Булак: "Мантыш"

Последние новости