www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвадагы мигранттарга кор дүйнө, ал эми Мамытканов баласы экөөнө зор дүйнө. Мынакей, кландык бизнес-башкаруу деп ушуну айтат! Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэринин мурдагы кеңешчиси Асхат Осмонов Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Айтымында, Москвада жүргөндө, Евразиялык Экономикалык Комиссиянын (ЕЭК) министри Максат Мамыткановдун кабыл алуусуна эки жолу жазылып, кире албай койгон.
"Мени менен жүзмө-жүз жолугуудан качып куйругун карматпай койгон. Көрсө, ошондо эле баласын жылуу жерге орноштуруп (азыркы тапта ал Евразиялык экономикалык комиссиянын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо башкармалыгынын эксперти), кызмат абалынан пайдаланып, ЕЭКтеги биздин мамлекеттик кызматкерлеринен чатыр акысын (крыша) чогултуп, Москвада үй-бүлөлүк бизнесин-ресторанын ачып алыптыр!
Мен бул тройной агент саткындын кылыктарын көбүн билем.
2020-жылы Ященко аттуу орус аскер аналитигинен 40 млн рублды "Чоң Казаттын" шайлоосуна алган видеосу чыккан. Ошол үчүн биз 7 бала болуп, бул чыккынчыны Кашка-Суунун тоосуна алып барып, суракка алганбыз. Ал жерде бул коркок саткын жаш баладай жалдырап, ыйлап жиберген.
Андан мурун шайлоодогу дебатта куйтууланып ойноктогону үчүн Жапыкеевтен тумшукка жеген. Күбөлөр толтура!
2020-жылдын 5-октябрында "Ала-Тоо" аянттан качып баратканда мен өзүм кармап, артынан түртүп трибунага чыгарганмын. Болбосо, бул саткын ошол жерде дагы бизди таштап качмак.
Кийин, Садырдын, жердеш авасынын колтугуна кирип, "Чон казат" партияны өзүнүн министрлик кызматына алмаштырып сатып кеткен. Садыр ушундай саткындарды абдан баалайт, анткени ажоңор өзү да ушундай саткын!!!
Андан кийин, Максат мени мэриядагы кызматтан алуу үчүн Жаркынбек Касымбековду баш кылып, 10 "черныйды" мэрияга жиберген. Мен ошондо Мамыткановдой кыргыздын саткындарын көрүп, абдан стресс болдум. Садыр авасынан да, аны калкалаган Камчы акесинен да, дегеле саясаттан түңүлдүм.
Ишене бергиле, ушундай Абыке-Көбөштүн урпактары бийликте жүргөндө Кыргызстан эч качан өнүкпөйт!", - деп жазган ал.
Ал эми, NazarNews маалымат агенттиги Асхат Осмоновдун өзү менен байланышканда төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Мамыткановдун иштерине өзүм күбө болгонум үчүн жаздым. Шайлоо учурунда чет өлкөдөн акча алганы тууралуу видеоматериалдар бар. 5-октябрдагы тополоңдон кийин партиясын сатып, ара жолго таштап, кызмат алып кеткени да чындык. Энергетика тармагы боюнча билим алган, тажрыйбасы жок уулун дароо эле чоң кызматка коюп койгону да туура эмес, албетте. Евразиялык экономикалык комиссиянында иштеген кызматкерлерден акча чогултканы да жалган эмес. Ал маалыматтардын баары мага жетип турат. Мен убагында Москвада жүргөндө, анын былыктарын өз көзүм менен көргөм", - деп билдирди Осмонов.
Булак: NazarNews.kg