www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кээ бирлер бийликтин накта учунда турушуп алжып калышат. Албетте, Брежневди айткан жокпуз, жакында эле кызматынан оогон Алымкадыр Бейшеналиев жөнүндө айтып жатабыз. Эми аны жакында кызматынан четтелди деп айтыш да туура эмес. Ал жай башталганда эле ызы-чуу болуп, кызматынан четтелип калган, бирок кайра министр болуп келип калабы деп, ордун жай боюу катып койгон сүрсүгөн чучуктай сүрсүттү. Анан анын иши тергөөдөн өтүп кайра келе турган болду, элдин бары келерине күмөн санабай калган.
Анткени анын айтуусунда октябрь башаламандыгында Башкы каармандардын бири болгон. Же Эдил Байсалов айтмакчы президент Петр биринчи болсо булар аны тегеректеп жүрүшүптүр. Жок жерден баатырлардын бири Баатырова министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Сүрсүгөн чучуктай кызматы сакталып турган алжыманын ордуна «Баатырлар» келаткандай. Эмне үчүн «алжыма» анткени министр кезинде оозуна эмне келсе оттоп, алжый берчү, министрден оогондон бери үнү чыкпай калды.
Буга чейин Салматтыкты сактоо министрлигин Алымкадыр Бейшеналиев жетектеп келген. Ал 19-августта кызматынан бошотулган. Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармап, ага жети кылмыш ишин козгогон. Министр бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп колго түшүрүлгөн.
Жапаров Гүлнара Баатырованы саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Анын бул кызматка талапкерлиги кийинки айда Жогорку Кеңеште жайкы тыныгуудан кийин келгенде каралат.
Баатырова Гулнара Маришовна 1963 –жылы 29-октябрда Ош облусунда туулган. Билими жогорку. 1989-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган.
Гүлнара Баатырованын атына «Сабиров Бакай» кайрымдуулук фонду катталган.
Эмгек жолу:
1986 – 1988 — жылдары Бишкек шаарындагы №2 клиникалык ооруканасында дарыгер-ординатор;
1988 – 1993 — Кара-Суу райондук борбордук поликлиникасында участкалык терапевт, бөлүм башчысы, поликлиниканын башчысы;
1993 – 1997 — жылдары Кара-Суу райондук борбордук поликлиникасында участкалык терапевт, бөлүм башчысы;
1997 – 2001 — жылдары Кара-Суу райондук борбордук поликлиниканын башчысы;
2001 – 2013 — жылдары Кара-Суу райондук Үй бүлөөлүк медицина борборунун директору;
2011-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.
2013 – жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министирлигинин Медициналык-Аккредитациялоо Комиссиясынын төрайымы;
Гүлнара Баатырова 2016-2021-жылдары БШКнын мүчөсү болгон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg