www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина Орусия Федерациясы менен кирешеге жана мүлккө кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча келишимди бузду. Бул тууралуу Орусиянын Каржы министрлигинин билдирүүсүндө айтылды.
«Украина Орусия Федерациясына үстүбүздөгү жылдын 8-июнундагы №612119/23-017-65 нотасы менен Орусия Федерациясынын Өкмөтү жана Украина Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуу жөнүндө макулдашууну жокко чыгаруу жөнүндө расмий кабарлады», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошентип, 2023-жылдын 1-январынан тарта өлкөлөр ортосундагы кош салыктын алдын алуу боюнча келишимдин мөөнөтү бүтөт. Бул Украинада жашаган Орусиянын салык резиденттери жана Орусияда жашаган Украинанын салык резиденттери эки өлкөдө тең салык төлөшөт дегенди билдирет.
Келишимдин бузулушу эки өлкөнүн биринде бизнес кылып, экинчисинде жашаган жарандарга да ушундай эле таасир тийгизет.
Украина менен Орусиянын ортосундагы бул келишимге 1995-жылы кол коюлган.
Булак: NazarNews.kg