www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги “Ата Мекен” партиясында өзгөчө орду бар Асия Сасыкбаева менен Текебаев менен камактагы атамекенчилердин айланасында сүйлөштүк.
-Асия эже, Текебаев менен Чотоновго каршы көрсөтмө берип каматкан адам өзү Москвада камакка алынганы маалым болду. Эми аларды эркиндикке чыгаруунун жолун сунуштайсыңарбы?
-Текебаев менен Чотоновду буга чейин деле чыгарууга негиздер көп болчу. Бирок бийликтегилер ал негиздерди эске албай атайылап эле чыгарбай жатышты. Бирок, биз камактан чыгаруунун жолдорун дагы сунуштайбыз!
-Маевскийдин камалышы алардын ишин кайра кароого негиз болдубу?
-Жогору жакта белгилегендей Текебаев менен Чотоновду камактан чыгарууга негиздер көп эле болгон. Эмнегедир чыгарбай жатышты. Үмүт деген өчпөйт экен. Бул адамдар буйрук менен камалышкан. Текебаев, ИИМге Атамбаевдин жан сакчысы келгенде эле мени камаш үчүн келдиң деп айтканы эсибизде. Барынан кызыгы, жалган жалаа жапканы айдан ачык көрүнүп турса дагы камашты.
-Кудай буюруп, Текебаев менен Чотонов акталып чыга турган болсо, аларды жок жерден камашканы үчүн кимдер жоопкерчиликке тартылышы керек?
- Жазага буйрукту аткарып, ак адамдарды каралап кестирип жиберген ИИМдин ошол кездеги министи Улан Исраилов, ошол кездеги Башкы прокурор Индира Жолдубаева жана УКМКнын ошол кездеги башчысы Абдил Сегизбаев, туура эмес чечим чыгарган соттор дагы бир нече адамдар жазага тартылышы керек. Алардын аттарын атабай эле коеюн. Алардын аттары күнүгө социалдык тармактарда, гезиттерде аталып жатат.
Булак: NazarNews.kg