www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкен.
«Республикада прокуратура органдарында 800дөн ашуун киши эмгектенет. Алар каза болгон кесиптешинин үй-бүөсүнө 1000 сомдон акча которушат. Окуя болгон жерге башкы прокурор чыгып кетти. Анарбай Мамажакыпов бүгүн жерге берилет», —деди басма сөз кызматы.
Киши колдуу болгон А.Мамажакыповдун артында 4 баласы калды. Ал 43 жашта болчу. Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда туулган.
Кошумчалай кетсек, учурда кылмыш иши боюнча 6 прокурор сурак берип жатканы белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg