www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Кадыр Кошалиев учурдагы чоң саясатттагы абалга төмөнкүдөй баа берээрин айтып өзүнүн жеке пикири менен бөлүштү.
- Ооба, эгемендик жылдары эч качан таза шайлоо өтө электигин айтып келе жатабыз. Анын көптөгөн себептери бар. Башкысы башкаруу системасын оңдоо керек. БШКнын толук курамы бийлик бутактарына көз каранды болуп турганда, айрыкча бир адамга- Президентке баш ийип турганда эч качан таза шайлоо болбойт. Андыктан, Элдик Курултай институтун мыйзамдаштырып, коомдук-саясий системага өз ыйгарым укуктары менен киргизип, БШКнын курамын Курултайда ачык добуш менен шайлоо керек.
Ал эми талкууланып жаткан өткөн шайлоодогу укук бузуулар, сатып алуулар боюнча Парламенттик комиссия (ага коомчулуктан да өкүлдөр кирсе жакшы болот эле)түзүлүп тыкыр изилдениши керек. Анан бир тарап күнөөнү иштеп жаткан Президентке түртө салбай калыс караганда чындыкка жетебиз.
Ошол учурда иштеп жаткан Президент Алмазбек Атамбаев эле, бүтүндөй мамлекеттик машина анын колунда болчу. Негизинен бул сценарийдин автору да Атамбаев, кимди алып келүү, кантип алып келүү, каржы булактарын чечүү Фарид Ниязов, Икрамжан Илимянов жана башка менен талкууланып чечилген. Шайлоонун шылтоосу менен кимдир бирөлөр маарышы да мүмкүн, аны изилдөө керек. Бул жери "кармагыла ууруну деп, ууру жүрөт"-дегенге окшоп кетүүдө.
Шайлоонун жүрүшүндө эле команданын ичинде ажырым кеткендиктен, экинчи штаб түзүлгөндүгү жөнүндө маалымат коомго белгилүү болгон.
Эгер Сооронбай Жээнбеков мурдагыдай эле Атамбаевдин айтканын кылып, ишин уланта бергенде бул чуулгандуу маалыматтар чыкпайт болчу, кошулуп алып талап-тономой улантылмак. Кантсе да азыркы Президент агымга каршы баратат. Тар чөйрөгө эмес жалпы элге кызмат кылсам деген далалаты болуп жатат. Эч бир тарабынан адвокат болуп коргогум келбейт, болгону кыргыз коомчулугу үчүн чоң мааниси бар бул маселе иликтенип, калыс, адилет баасын алышы керек!
Булак: NazarNews.kg