www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Кыргызстанга 2-августта учуп келген. Алгач УКМКнын эшигин аттап, "Кумтөрдөгү" кылмыш иши боюнча суралып, андан соң журналисттер менен маектешкен. Маектен соң кадыр-барктуу инсан катары конок болуп, кыргыз элине ыраазычылык билдирди да кетти.

Акаев Кыргызстанга келип кеткенден бери сыйлуу коноктордун бирине, кайрадан саясатчылардын ишенимине кирди. Дегенибиз, президент болгусу келген саясатчылар «РФ президенти В.Путин менен жолуктур» деп, Акаевдин алдынан өтүп, калпак чепкенин кийгизип, ыраазы кылганын уктук.

Акаев дагы жөн киши эмес да, кайсы саясатчы Путин менен жолуктур десе, баарына: «Ай, сен менин иним эмессиңби? Путин менен сөзсүз жолуктурам», - деп коюп, белегин алып, мыйыгынан күлүп олтурганын уктук. Кызыктар алдыда.

Ага чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Акаевге "Кумтөрдөгү" коррупциялык иштер боюнча издөө жарыяланганын билдирген жана 2-августта Акаев Бишкек шаарына алып келинип, мекеме аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилди", - деп билдирген УКМКнын басма сөз кызматы. Аскар Акаев "Кумтөр" боюнча коюлган күнөөлөрдүн баарын четке какты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости