www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын азыркы лидери мындан бир нече күн мурда өткөн президенттик шайлоодо элдин 80,12 пайыз добушун алды. Бул туурасында бүгүн Өзбекстандын БШКсынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев бардык бюллетендер саналып бүткөндөн кийин билдиргенин РИА Новости жазды.

"Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссиясы президент Мирзиёев Шавкат Миромоновичтин бардык бюллетендер саналгандан кийинки жыйынтыкты эсептегенде добуштардын 80,12 пайызын алганы аныкталды", — деди Низамходжаев БШКнын жыйынында.

Коңшу Өзбекстанда мамлекет башчыны шайлоо өнөктүгү 24-октябрда өткөн эле.

Президент Садыр Жапаров шайлоонун эртеси Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктаган. Андагы алдын ала чыккан жыйынтык боюнча, Мирзиёев шайлоодо элдин добушунун 80 пайызына ээ болгону кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости