www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы президент Садыр Жапаров “Күмтөр” алтын кенин алып туура кылды деп ойлойм. Мындай пикирин Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев казакстандык Tengrinews.kz басылмасына берген интервьюда билдирди.

– Анткени башында эле негизги келишимде 10 жылдан кийин ийгиликтүү иштеп, жакшы кирешелүүлүккө жеткенден кийин канадалык компания долбоорду толугу менен республикага кайтарып берери айтылган. Бирок кийинки жетекчилердин тушунда мындай болгон жок, – деди Аскар Акаев.

– Мен бул компаниянын алгачкы 10 жылдык мезгилинин бардык татаал жактарын билгендиктен, жардам бердим. Мен президент Садыр Жапаровго ыраазымын, ал интервьюларынын биринде: “Аскар Акаев экөөбүз бардык дооматтарды алып салдык, анын үстүнө ал келип, бизге көрсөтмө берип жардам берди” деп айткан.

Эске салсак, 2022-жылы апрелдин башында президент Садыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жасап, “Кумтөр” алтын кени толугу менен Кыргызстандын менчигине өттү деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости