www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда июль айында абанын температурасы климаттык норманын чегинде болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жаан-чачындын айлык көлөмү Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде климаттык нормадан жогору, Чүйдүн дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абаддын өрөөндөрүндө, Чаткал, Алай, Суусамыр өрөөндөрүндө нормага жакын, Талас, Баткенде нормадан аз болушу күтүлөт.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, +23…+25 градус, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +16…+18 градус жылуу болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12…+17 градустан +20…+25 градуска чейин жылуу болот. Күндүз +23…+28 градустан +33…+38 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +21…+23 градуска жетиши ыктымал.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12ден +15…+20 градуска чейин жылуу болот. Күндүз +22…+27 градустан +31…+36 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +24…+26 градус, тоо этектериндеги райондордо +20…+22 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12…+17ден 19…24 градуска чейин, күндүз +25…+30дан +34…+39 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан көп болушу ыктымал.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +24…+26 градус, тоо этектериндеги райондордо +20…+22 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12…+17ден +19…+24 градуска чейин жылуу, күндүз +25…+30 градустан +34…+39 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан көп болушу мүмкүн.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +24…+26 градус, тоо этектериндеги райондордо +20…+22 градуска жетиши күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12…+17 градустан +19…+24 градуска чейин, күндүз +25…+30дан +34…+39 градуска чейин ысык болушу божомолдонду.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +17…+19 градуска жылыйт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +5…+10 градустан +13…+18 градуска чейин, күндүз +16…+21 градустан +26…+31 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болору айтылды.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +17…+19 градуска жетет. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 градустан +10…+15 градуска чейин, күндүз +15…+20 градустан +26…+31 градуска чейин ысык болушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости