www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул Ооганстандагы болуп жаткан окуя чоң ири өлкөлөрдүн таймашы. Мындай пикирди бүгүн, 26-августта NazarNews маалымат агенттигине Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов билдирди.

- Жалпысынан алганда Ооганстандагы абал азыр кандай? Америкалыктар калып калышыбыз мүмкүн деген эле. Бирок Талибдер 31-августтан тарта эч ким эвакуациаланбайт деген чечим чыгарышкан... 

- Угармандарга айтып коюш керек. Бул Ооганстандагы болуп жаткан окуя чоң ири өлкөлөрдүн таймашы. Америкалыктар жең ичинен мажахиттерге аскердик, акчалай жардам берип жүрдү. Убакыттын өтүшү менен бул кайра алмаштырылды. Советтик союз тараган учурда, америкалыктар Талибдерди соккуга алгандан кийин алар Кытай, Пакистан сыяктуу башка ири өлкөлөргө багынышкан. Ал өлкөлөр аларды таптап, багып өстүрүшкөн.

Талибдер эмне асмандан түшүштүбү? Жок, албетте. Сөзсүз түрдө тыштан аларга ири өлкөлөр жардамдарын берип турушкан. Талибдер азыркы учурда акча каражатсыз калды. Алардын 75% пайыз бюджети дагы турмуш тиричилиги дагы тышкы жардамдын негизинде келип турган. Ал эми 25% пайызы көлөкөдө турган, анча-мынча айыл чарбасы жана баңгизат менен алектенгендер. Учурда аларда тышкы жардам жок. Ушунча армия, ушунча эл эмненин эсебинен багылып, жашап жатат?

Ошондуктан, булар тышкы эл аралык коомчулукка өздөрүнүн жагынуу билдирүүлөрүн жасап жатышыт. Акыркы мааалыматтарды алып карасак, азыр Талибдер Орусиянын элчилигине барып тажикетерди, өзбектерди колдоодон баш тарткыла, аларга айтып койгула тартиптин, сүйлөшүүлөрдүн негизинде бир жыйынтыкка келели деп айткандары да бар. Бул болсо дагы чоң далил. Ири өлкөлөр бири-бири менен таймашып, максаты Талибдерди жана башка террористик уюмдарды бири-бирине каршы колдонуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости