www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү боюнча бирдиктүү орган түзүү аркылуу каттоо системасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев каттоо системасындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн аныкталган көйгөйлүү аймактарды чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы боюнча Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин Калкты тейлөө борборлоруна өткөрүп берүү менен "Кызмат" мамлекеттик ишканасына өзгөртүү сунушталып жатканын айтты.

Министрлер кабинетинин башчысы калкты кыска мөөнөттө сапаттуу тейлөөнүн маанилүүлүгүн, жарандар Калкты тейлөө борборлорунда кезексиз жана ыңгайлуулугун эске алуу менен болуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө актуалдуу маселелер жана каттоо системасын реформалоо боюнча милдеттер талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине бирдиктүү тейлөө борборлорунда бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен Каттоо системасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун бир жуманын ичинде аягына чыгаруу тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости