www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Аске, ар бир адам балалыгын эстегенде жүзүндө жылмаюу пайда болуп, бактылуу көз ирмемдерин кубануу менеи эстейт эмеспи. Балачакка кайрылып, кепти таттуу кезден баштасак?

—Эң жакшы суроо экен. Мен балалыгым Нарын областындагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында өттү. Эс тартканы Ат-Башынын Чар, Босого, Кайнар жана ошондой эле Каманды-Суу деген жайлоолорунда жүрүп чоңойдум. Ырдап, комуз менен обон созуп калганыма тоо койнунда, жаратылыштын, табияттын арасында чоңойгонум өз таасирин тийгизди окшойт. Балалык кезде абдан шок, тентек элем. Менден кийинки иниме «туулган жердин топурагы алтын болот» деп топурак жедирип, сүзмөнүн баштыгын кой десе болбой эмип, уруш уккан күндөр көп болгон. Ойго келбсген жоруктарды жасайт элем. Кыш чилдесинде түтүктөгү сууну шаркыратып агызып ичкенде тиш какшайт эле. Классташтар менен сабакка барып сабактан чыгып жаткан учурлар, тай үйрөтүп ат чапкан мезгилдер көзгө тартылат. Ала-Мышык тоосун караганда шаарга окуймун деп энсөө келээр эле, Убакыт учкан куш дегендей, келгенден бери билинбей 15 жыл өтүптүр.

—Элде: «Ата-аскалуу зоо, эне - боорундагы булак, ал эми бала - экөөнүн ортосундагы шам чырак» деген сөз бар эмеспи, анын сыңарындай сени ушул даражага жеткирген ата-энең туурасында айта кетсең?

—Ата-энем мен үчүн, жеке эле мен үчүн эмес, бардык бир туугандарым үчүн эң бийик аска-зоо болду Ар бирибизди шыгыбызга жараша окуу жайга өткөрүп, жогорку билимдүү кылып,келечегибизге кам көрдү. Азыр кенже карындашыбыз гана мектеп окуучусу, калганы ар кесиптин ээлери болду Атамдар комуз чертип жүргөнүмдү билип, 8-классымда өрүк комуз сатып берди. Анда өрүк комуз чанда болчу. Бир торпокко сатып алганбыз. Ошондо кээ бирөө «килейген торпокту берип комузду неге алат, аны актайбы» деген сөздөр болгон. Бирок, менин келечегиме кайдыгер карабай, көрө билиптир, бүгүн эл алдында ырдап жүрөм. Ата-энем экөөсү тең эл агартуунун отличниги. Атам мектептин директору болгондуктан чектөөлөр дагы, суроо-талаптар да биз үчүн башкачараак болчу. Балдарга өзүңөр үлгү болушунар керек деген тарбия менен тартипти бекем кармап чоңойдук. Ошонун баары азыр пайдасы тийип, канга сиңген тарбия жемишин берип жатат.

—Чыгармачылыкка студенттик күндөр шык бердиби?

—Бала кезден жөндөм бар эле, студенттик күндөр шык берди. Билимге сугарыльш, тажрыйбаны студент кезде топтодук. Сабактан калбай окудук. Өзгөчө Улукмырза агайдың (ред:Полотов)сабагына күндө барып, абдан кызыгуу менен окуп жүрдүм. 3-курсумда президенттин стипендиясына татыктуу болуп, ошол жылы биринчи концертимди бердим. Студенттик жылдар эн жакшы күндөр менен эсте калды. Көп нерсени окуп үйрөндүм.

—Жөлөк-таяк болгон бир туугандар айылдабы?

—Бир туугандарым , жөнүндө айтсам, баарыбыз жогорку билим алдык. Эң улуу Максат байкем ата-энебиз менен айылда турат. Жеңебиз мугалим. Байкем айыл өкмөттө иштейт. Андан кийинки эжем Бишкекте иштейт. Андан кийин менмин. Менден кийинки иним архитектор болуп эмгсктенет. Карындашым англис, түрк, немис, орус тилдери боюнча котормочу Турцияда 3-4 жылдан бери иштейт. Эң кичүү карындашым мектепте окуйт, сүрөтчү. Мага баардыгы жөлөк-таяк. Кандай учурда болбосун бириңди бириң колдогула, ынтымактуу болгула деп ата-энебиз ар дайым айтып келет. Биз алардын сөзүн жерге калтырбайбыз.

—Эл көзүндө жүргөн кишиге сөз да, сын да көп айтылат, бул жагын кандай жеңип келе жатасың?

—Албетте, эл көзүндө жүргөндөн кийин өйдө-төмөн сөздөр, сын-пикирлер айтылат экен. Эгер сын туура, аргументтүү айтыла турган болсо мен чычалабайм, тарынбайм. Бирок кээ бир учурда барды жок кылып, жокту бар кылып айткан учурлар болот, анда жүрөк ооруйт. Негизи сынга түз көз караштамын, айтылып турушу керек. Сындар туура айтылса кемчиликтеримди оңдогонго аракеттенем.

—Жүрөккө чок салган кыэдар көптүр...

—Ушул сурооңуз олуттуу экен. Нсгизи адам баласы, анын үстүнө искусстводо жүргөн чыгармачыл инсандардын баары сулуулукка өзгөчө баа берээри чын. Мисалы, көз жоосун алган көрктүү ат көрсөң деле «ох» дейсиң да. Анан эми сулуу кыздын жылдыздуу илеби башка. Сөз менен жеткириш кыйын. Жүрөккө чок салгандарын азыр айтыш оор.

—Спортко шык-жөндөм бардыр, дегеним, Азия кубогунун алкагында өткөн футболго кандай таасирлендиң? Биздин команданын оюну купулга толдубу?

—Албетте, биздин футболчулар ойногон оюндарды күйөрмандык кылдым. Иликтеп-жиликтебесем да кызыгып көрөм. Анын үстүнө биздин өлкө ойноп жаткан соң күйөрмандык кылбай коюу мүмкүн эмес, Абдан жакшы оюн көргөзүштү. Акшумкарларга абдан чоң рахмат айтам. Албетте, социалдык тармактарга жазган жокмун, «бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дегендсй, терең билгендер баасын берсин дегендей. Айтор, Кыргызстандын командасы үчүн жан тарттым. Жакшы маанай тартуулашты. Эмгегине жараша мамлекеттин баалаганы да дурус болду. Ал эми мен спорттон сууга сүзүүгө кызыгам. Акыркы жылдары спорттун ушул түрү менен алектенип жүрөм.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де Факто”

Последние новости