www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Оберег” майып балдарды калыбына келтирүү борборунда өткөн жумада  Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара болуп, концерттик программа менен коштолду. Майып балдар колдон келишинче оюн-зоок уюштуруп, ырдап, таяк таянганына карабай бийлеп, элге жагымдуу маанай тартуулашты. Көрүп отуруп көзүңө жаш аласың. Кээде ден соолук, көңүл, адамдык сапатка деле маани бербей, болгон сайын “дагы болсо экен” деп байлык, бийлик үчүн жан үрөп, көзүбүздү май басат. Пендебиз да, шүгүр кылганды дагы унутабыз. Алты саныбыз аман турганда тагдырга нааразы болбой, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп майып балдарга көмөк көрсөтөлү. Эч убакта балдар оорубасын! Балдардын ал-акыбалын, жашоо шартын билүү үчүн аталган борбордун мугалими Жыпара Касымалиева менен маек курдук.

-- Жыпара айым, учурда “Оберег” балдар үйүндө канча бала тарбияланууда?

-- Азыр бизде мүмкүнчүлүгү чектелген 54 бала бар. Ар кимиси ар башка оору менен оорушат. Айрымдары тубаса шал менен оорушса, кээ бирлери жакшынакай төрөлүп эле кийин ар кандай дартка, кырсыкка кабылышып, аң-сезими жетишсиз же майып болуп калгандар бар. Биздин борбордун ачылганына быйыл он беш жыл болот. Бул аралыкта канчалаган балдарга көмөк көрсөттүк. Ар кайсы жактан гранттар менен иштешебиз. Балдардын ден соолугуна ылайыктуу шарттарды түзүп берүүгө далалат кылабыз. Өзүңүз көргөндөй, майып болсо дагы балдарыбыз ырдап, бийлеп, сахнада өздөрүн чыныгы артисттердей эле эркин алып жүрүшөт.

-- Жөндөмдүү балдар көп экен, аларга атайын сабактар өтүлөбү?

-- Ооба. Биздин борбордо жалпы 30 адам эмгектенет. Алардын жыйырмасы мугалимдер. Бул жактагы ар бир балага өзгөчө көңүл буруу кажет. Кээ бир балдар жакшы ырдашса, айрымдары бир нерсе жасоого шыктуу. Аларга кол өнөрчүлүктү үйрөтөбүз. Түстүү кагаздардан буюмдарды жасоо, тигүүчүлүк, сайма саюу жана башка нерселер менен балдарды кызыктырабыз. Анткени, эч нерсе жасабай эле ооруну ойлоп отура берген бала чүнчүп кетет. Жашоого умтулуу болуш керек да. Ар бир балага күнүмдүк жашоодо керектүү адептүүлүк, тазалыктан бери үйрөтөбүз. Алдым-жуттум жанталашкан балдар жок. Баардыгы тартиптүү, жандүйнөсү таза. Дайыма дарыгерлердин кароосунда болуп, дарыланып турушат. Алар менен ар кандай иш-чараларга барганда кооптонбойбуз.

-- Балдардын кол өнөрчүлүгүн баалап, сатып алгандар болобу?

-- Андай учурлар көп эле болот. Ал үчүн атайын көргөзмөлөргө балдар жасаган буюмдарды алып чыгып турабыз. Андан түшкөн каражатка кайра керектүү материалдарды алып, ишибизди улантабыз. Үйдө пайдаланылбай жаткан жип-шуу, кездеме, шурулар бизге аябай керек. Себеби, бир нерсени жасоодо көргөзүп берген боюнча дароо үйрөнүп кете алышпайт да. Ошентсе да бузуп, кесип, бүлдүрүп отуруп акырындык менен үйрөнүшөт. Колдору дайыма кыймылда болуп турганы ден соолукка пайда. Анүстүнө алаксышып, кызыгышып, алдыга умтулганды үйрөнүшөт. Кол өнөрчүлүктөн сырткары музыка, спорт багытында атайын сынактарга катышкандары, жеңишке жетишкен таланттуу балдарыбыз дагы бар. Булардын эмгектери башка балдарга стимул болот. Негизи баланы үйгө бекитип же чектөө койбош керек. Тескерисинче, ар багытта жөндөмүн байкап көрүү абзел. Өзгөчө майып балдар үйдө камалып жата берсе, жашоого болгон кызыгуу жоголот. Короого чыгып ойноюн десе башка балдар чуркап, ойноп кетишет. Алардын арасынан кадимкидей бөлүнүп калышат. Өздөрүн жалгыз жана керексиз сезе башташат. Бул жактан болсо баардыгы оору менен алпурушкандар, деңгээлдери бирдей дегендей. Бири-бирин жакшы түшүнүшөт. Дос болуп, тез тил табышат. Атайын ойной турчу шарты бар бөлмөлөрдө ойношот. Булар эми математик же программист болуп кете алышпайт, бирок биз деле математика, жазуу, адабият, компьютердик сабактарын өтүп турабыз.

-- Балдардын жаш курактары кандай?

-- Учурда эң улуусу отуз жети жашта болсо, кенжеси үч жарым жашта. Негизи балдардын жашына чектөө койбойбуз. Жардамга муктаж болгон майып балдардын баардыгын кабыл алабыз. Көпчүлүк балдарды кечинде ата-энеси үйлөрүнө алып кетишет. Ата-энесинен эрте ажырап, жетим калган бир балабыз таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Азыр таенеси дагы каза болуп, бала жалгыз калды. Алысыраак туугандары деле бар экен, алар кайдыгер мамиле кылышат. Анткени, бул баланын аң-сезими бир аз артта калган. Бирок, абдан жароокер бала. Ушул баланын келечектеги тагдыры бизди көбүрөөк ойго салууда. Ошондой эле региондордон келген дагы балдар бар. Алар демалыш күндөрү гана үйлөрүнө барышат. Кээ бир эне-аталар балдарын багуу үчүн күн-түн деп иштешет. Майып балдарды көзөмөлсүз калтыруу абдан кооптуу. Анткени, кээ бир балдарда  талма оорусу дагы бар. Андыктан күн-түн дебей аларды өзүбүздүн карообузга алабыз. Жакшылык менен балдарга дем берсек, алар да сүйүү менен жашоого үйрөнүшөт. Балдарды калыбына келтирүү жана аларды өстүрүү – биздин башкы максат.

Назима Жумаева

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости