www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Аскат мырза, бүгүн Катранда Илмияновдун тарапташтары митинг өткөрдү деп жатышат. Сиз кабардар болдуңузбу?
--Ооба бүгүн, 23-октябрда Лейлек районунун Катран айылында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун айылдаштары тынчтык митингине чыгып, президент Сооронбай Жээнбековко жана баардык бийликтин башчыларына кайрылуу жолдоду.
--Митингке канча адам катышты?
-- Күбөлөрдүн айтымында митингке 50-60 адам катышкандыгын айтышты.
--Икрамжан Илмияновду жергиликтүү калктын баары колдошот бекен?
--Икрам Саттаровичти Лейлектин көпчүлүк карапайым эли колдойт. Алсак, тээ совет доорунан бери Катран айылында жол курулган эмес болчу. Ал жол мамлекеттин эсебинен курулса да кайсы ,ир денгеелде Икрам Саттаровичтин тиешеси жол курулушуна тийешеси бар деп ойлоймун....
--Демек, сиз дагы ал кишинин тарапташы көрүнөсүз...
--Жок, тарапташы эмесмин.
--Митингке чогулган элдер эч качан “акысыз” чыгышпайт, кимдир бирөөлөр акча берген жокпу?
--Акча төлөдү дегенден алысмын. Себеби митингке Илмияновдун туугандары жана дос тааныштары эле чыкты. Аксакалдар, "биздин бала солдаттай болду, Атамбаевдин айтканын аткарып жүрдү", деп сыздап жатышты. Албетте менин пикирим боюнча Икрамжан Илмиянов кайсы бир деңгээлде күнөөсү болсо жазасын алышы керек эле. Бирок Илмияновдун Россия Федерациясында кармалышы мыйзамсыз.
--Кандайча?
--Ал кишини УКМК эмес, ИИМ кармашы керек эле?
--Рахмат.
Булак: NazarNews.kg