www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Асман» шаары канча убакытта курулуп бүтөт?

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында Асман шаарынын курулушу кайсы этапка келгени тууралуу айтып берди.

«Мен шаар курулат деп ишенем. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бизде инвестиция бар. Инвесторлор азыртан эле инвестиция сала башташты. Бул долбоорго көптөгөн инвесторлор кызыкдар, демек акча да бар», — деп билдирди Орунтаев.

Шаар канча убакытка курулуп бүтөт деген суроого Мамкурулуштун жетекчиси бул көп жылдык курулуш экенин белгилеп, азырынча аяктоо мөөнөтүн айта албасын белгиледи.

«Ал жерде ондогон имараттар курулат. Бул узак мөөнөттүү курулуш болгондуктан, азырынча мөөнөтү жөнүндө айтуу мүмкүн эмес. Балким 10 жыл, балким 20 жылдыр, бирок иш уланып жатат. Азыр жер тилкелерин бөлүштүрүү, пландоо, инженердик курулуштарды куруу иштери жүрүп жатат, келечекте имараттардын өздөрү курула баштайт», — деди ал.

Последние новости